Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 166

Популизм деле биротоло Мюнхаузендин баяндарынын бирине окшоп кетпеши керек.

КАРАНДАЙ КАЛПТАР

Парламенттик шайлоолорго катышкан талапкерлердин ооздоруна баткыча убадаларды берип, апыртуусу жагынан кээде жазуучу фантасттардан да өтүп кетишери мурдатан келаткан көрүнүш. Эгерде көз карандысыздыктан бери депутаттыкка талапкерлер убада кылгандардын жүздөн бири эле ишке ашса, Кыргызстан алда качан эле кой үстүндө торгой жумурткалаган заманда жашап калмак. “Республика” партиясынын 4-сентябрда бет ачарын өткөргөн шайлоо алдындагы программасы фантасттардыкынан өтүп, анархисттердин идеяларына окшошуп кеткендигин ачык айталы. Партиянын лидери Мирлан Жээнчороевдин бет ачардагы сүйлөгөн сөзү ошондой таасир калтырды. “Республика” сөздөрү менен эмес, иштери жана идеялары менен айырмаланат!”, ”Республика”- кардинальных реформалардын партиясы!”, “Биз 2010-жылы 7 пайыздык агрокредиттерди киргизип, 2015- жылы депутаттардын привилегияларын жок кылганбыз!” - дегендей жогорку пафостогу ураандарды жарыялады ал. Эгерде жогоруда айтылгандар жалган болбосо, биз эч нерсе демек эмеспиз. Шайлоо алдындагы дүжүр патетикалардан деп коймокпуз. Бирок, “7 пайыздык агрокредиттерди киргизип, депутаттардын привилегияларын жойдук” деп Өкмөттүн, парламенттин аткаргандарын өздөрүнүкү кылып жатышкандары ыймансыздык.

Өзүңүздөр билесиздер, акыркы эки мөөнөттөн бери “Республика” парламентке өткөн 5-6 партиянын бири гана болуп келди. Парламенттин жарымын же көпчүлүгүн түзгөн абалга жетише элек. Мындай шартта башка фракцияларга кошулуп, добуш берип койгондорун деле “биздин партия аткарган” дей берүү карандай калпычылык болуп саналат.

“РЕСПУБЛИКА” АНАРХИСТТЕРДИН УРААНДАРЫН ЖАРНАМАЛАП ЖАТАТ

Партиянын программасы; президенттик институтту жоюп, министрликтердин санын 7ге, депутаттардын санын 75ке түшүрүп, аймактык-административдик реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик аппараттарда иштегендерди, салыкты азайтуу, коррупционерлерди, ууруларды люстрациялоо, УКМК, АКСты, прокуратураны жоюу экен. Бизде эмнегедир мамлекеттик аппараттарда иштегендер аябагандай көп, бюджеттик акчанын көбүн ошолор жеп жатат деген түшүнүк бар. Тагын айтсак, 7 облустагы, 2 облустук деңгээлдеги шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны фискалдык органдарда иштегендерди кошкондо 50 миңге жетпейт. Бул 6,5 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн. Бардыгы салыштыруудан билинет. Салыштырып айтсак, калкы 5 миллион, аймагы Бишкектикинен бир аз чоңураак Сингапурда 60 миңден ашык мамлекеттик кызматкер бар. Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн сапатка кошо оптималдуу сандык көрсөткүч да болуш керек.

Бизде көз карандысыздыктан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыскартылып эле келе жатат. Мындан ары да кыскартылса, эл менен ким иштешет, ал өзүнчө маселеге айланышы мүмкүн. Ансыз деле муниципалдык органдарда такай 1 миңге жакын кызматтык орун бош турат. Реалдуу кырдаалды эске албастан популисттик чакырыктарды жасай бергендин зыяндын башка пайдасы жок.

Башмыйзамга ылайык, Кыргызстан социалдык өлкө. Адатта социалдык өлкө деп аталгандарда (мас. Скандинавия өлкөлөрү) алык-салыктар 75 пайызга чейин жетет. Ансыз социалдык милдеттенмелерди аткарууга мүмкүн эмес. Ал эми биз Борбордук Азиядагы гана эмес, дүйнөдөгү (нефти, газ өлкөлөрүнөн сырткары) алык-салыктары эң төмөн өлкөлөрдүн катарына киребиз. “Республикачылар” убада кылышкандай, салыктардын көпчүлүк түрлөрү жоюлуп, бир гана түрү калтырылса, бюджеттик негизги тармактар, туризм салыктардан биротоло бошотулса, анда бюджет эмненин эсебинен толтурулат? Киреше кайдан көбөйөт? Алардын ордун курсактары гана эмес, беттери да салаңдап жүргөндөр толтурушабы? Туризм ансыз деле көмүскө экономикадагы тармак. Милдеттүү алык-салыктардын 20дан бири да өндүрүлбөйт. Дээрлик бардыгы көмүскөдө.

Өзүңүздөр эсептеңиздер, 2018-2019-жылдары Кыргызстанга 4-5 миллиондон турист келгени жөнүндө отчеттор берилгени менен алардан түшкөн алык-салыктардын көлөмү таптакыр өскөн эмес. Анча туристтерден түшкөн кирешелердин алык-салыктарга тийиштүү бөлүктөрү кайда кетип жатат? Популизм деле биротоло Мюнхаузендин баяндарынын бирине окшоп кетпеши керек. Албетте, ири ишкерлер үчүн алык-салыктардын азайтылганы жакшы. Бирок, алар өз бизнестерин гана ойлой беришпестен элди да эске алышса, ашыкча болмок эмес. Прокуратураны, УКМКны, АКСты жоёбуз дегендери криминалдык элементтердин максаттарына окшош экен. Бизде эки төңкөрүш болду, экөөсүндө тең кримэлементер Башпрокуратураны өрттөп салышты. Абактарда отурган “уркалар”, рецидивисттер да өздөрүнүн эң башкы душманы катары укук коргоо органдарын эсептешет эмеспи. “Республика” партиясынын кожоюну Ө.Бабановго карата 4 кылмыш иши козголсо, бири да аягына чыгарыла элек. Ал “Азия Молл” эс алуучу жайы турган жайды, аны куруу үчүн Кыргыз-Орус славян фондусунан 17 миллион долларды мыйзамсыз алган. Аталган фонддун Уставына ылайык, анын акчасы эс алуучу жайларды курууга берилбейт. Өнөр жай ишканаларын курууга берилсе да үстөгү 12 пайызды түзөт. Ал эми Ө. Бабанов өзүнүн биринчи- вице-премьер-министр болуп тургандыгынан пайдаланып, фонддун Уставын бузуп, 4 пайыздык үстөк менен алган. Эмне үчүн ал андай мыйзамсыз иштери үчүн алиге чейин жооп бербей келатат? Убагында Тажикстанга тынбай контрабандалык күйүүчү майларды жөнөтүп турган ким эле? Люстрацияны так ошол коррупциялык иштерге аралашкан Өмүрбек Бабанов деген адамдын өзүнөн баштоо керек.

“Республикачылар” президенттик институтту жоюп, анын укуктарынын баарын премьерминистрге өткөрүп берүүнү, министрликтерди, ведомстволорду үч эсе азайтууну убада кылышыптыр. Же алардын программасы мазмуну жагынан анархисттердин мамлекеттик төңкөрүшүнүн өзү экен. Ө.Бабанов президенттик шайлоодо ишке ашпай калган планын (Оштун Он-Адырында сүйлөгөнү эсиңиздердеби?) парламенттик шайлоодо ишке ашырганы жаткандай көрүнөт.

ТӨҢКӨРҮШЧҮЛ ПРОГРАММАНЫН АРТЫНДА БАБАНОВ ТУРАТ

“Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев делгени менен анын чыныгы кожоюну - ызы-чуулардан башы арылбаган, бир убакта жакын агасы К.Байболов “эн тамга басканга да таза жери калган эмес” деп айткан Өмүрбек Бабанов деген адам. Анын макулдугу, түрткүсү болмоюнча тигүүчүлөрдүн анабашчысы Мирлан Жээнчороев агабыз программаны жарнама кылмак түгүл бир сөзүн оңдой да албайт. “Акчасын ким төлөсө, музыканы ошол заказ кылат” дегендей, партияны, анын тизмесиндеги ар кыл порумдардагы айымдарды каржылаган ошол. Ал өзүнүн чүргөмөчүлөрү менен жогорудагыдай мазмуну мамлекеттик төңкөрүш жасоого багытталган программа атпайды жазып, алабарман М.Жээнчороевдин колуна карматып койгондугун, эгерде ага нааразылар көбөйүп кетсе, бардыгын тигүүчүлөрдүн анабашчысына шылтай саларын ким деле болсо билип турат. Антип жүзүн жашырган Гүлчөтайдай болбой, Өмүрбек Бабанов өзү эле ачыкка чыкса болмок. Же чыныгы жүзүнүн бир четин эле ачса, өтө эле коркунучтуу болуп көрүнөрүн билип, Гүлчөтайдай жүзүн жашырып жатабы? Анан шайлоого катышып жаткан партия атпайлар убада кылганда этият болушса. Босоголук чектен өткөндөрү деле бир жетим фракцияны түзөт. Көпчүлүк же басымдуу көпчүлүк орунга ээ болгонго “Республиканын” даремети жетпейт, шансы жок. Анан парламентке барышса эле аны башынан аягына чейин ээлеп алып, өтүктөрүн төргө илип коюп, өздөрү каалагандарды жасай бере тургандай ашкере радикалдуу убадаларды бергендин өзү уят. Жетим фракциянын колунан коалицияга кошулса, бир-эки министрди сунуштап, комитеттердин бирине төрагалык кылгандан башка эч нерсе деле келбейт. Кокус, коалицияга кирбей калышса, дүжүр жарамазанчылардан гана болушат. Ошон үчүн “жылкыларына жараша ышкырып, мурундарына жараша бышкырып” эле жүрүшсө дейбиз. “Айдаганы төрт эчки, ышкырыгы таш жарат” деген бечарадай болбоо керек. Ооздун желин, кызыл тилди коё берсе, асманга деле оболоп кете берет, бирок антип ар кимге шылдың болбостон ал-акыбалга, чама-чаркка жараша эле сүйлөп, иштеп жүргөн жакшы. Канча оболосоң деле, 4-октябрдагы жыйынтык желиңди чыгарып, ордуңду көрсөтүп коёт.

Автандил БЕЛЕКОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити