Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 100

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Тоң районуна барды. 

"Мекенчил" саясий партиясынын Тоң районундагы шайлоочулар менен жолугушуусунан кийин райондун тургуну Жумабай Садыбакасов Камчыбек Ташиев тууралуу пикирин төмөнкүдөй билдирди: 

-Мен Камчыбек Ташиевдин элге келип жолугушканына абдан ыраазы болдум. Аны чыныгы мекенчил инсан деп эсептейм. Баткенде өткөндө чек арада тажиктер менен болгон ызы-чууда бир дагы бийликтен басып барып ал-акыбалын сурап койгон жок. Ташиев ошол жакка барып, 85 жаштагы абышка менен байбичеге үй салып берди. Бирок аны азыр айтып мактанган жок. Элдин баары ушундай мекенчил, жаштарды туура жолго салып, эл-жерге болгон сүйүүсү менен күч бере турган депутаттардын парламентке барышын кааласа керек. Садыр Жапаров экөө элге кызмат кылып беришсин деген ниетим бар. Садыр Жапаровдун абакта жатканына ичим ачышат. Чындыкты сүйлөп, чындык үчүн күрөшүп жатканда абакка камап койгону баарыбызга оор болду.