Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 141

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Жети-Өгүзгө барды. 

Кыргызстанда жыл сайын 25 тонна алтын өндүрүлөт, ал эми Улуттук банкта болгону 4 тонна алтын запасы бар. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-сентябрда Жети-Өгүз районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Кумтөрдө” 18 тонна алтын өндүрүлсө, анын  2 гана тоннасы Кыргызстанга айлык, социалдык төлөмдөр катары калат экен. Калганынын баарын сыртка чыгарып кетишет. Кыргызстанда жалпысынан жылына 25 тонна алтын өндүрүлсө, Улуттук банкта болгону алтындын 4 тонна запасы турат. Эмнеге мамлекетибизде өндүрүлгөн өзүбүздүн кен байлыгыбызга ээлик кыла албайбыз? Эмнеге  алтындын баарын сыртка ташууга мүмкүнчүлүк берип койдук?!  Биз мамлекетте өндүрүлгөн ар бир кен байлыктын 30 пайызын мамлекетке таза киреше катары калтырабыз. Дагы 30 пайызы социалдык төлөмдөргө коротулсун, 40 пайызын инвестор алсын. Бирок 30 пайызы мамлекеттин энчисине  сөзсүз түрдө калышы керек!” - деди Камчыбек Ташиев.