Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 122

7-сентябрда Бишкек административдик соту “Актив” партиясынын ишин карады.

Буга чейин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) чечими менен “Актив” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартылган.

“Актив” саясий партиясы  шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документти тапшырган жок, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби мыйзамда каралган эмес”, – деп чечим чыгарган БШК.

БШКнын чечими менен макул болбой, “Актив” саясий партиясы 2020-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Административдик сотуна арыз менен кайрылган.

Аталган соттун 7-сентябрындагы чечими менен “Актив” партиясынын БШКнын 2020-жылдын 3-сентябрындагы мыйзамсыз чечимин таануу жөнүндө арызы четке кагылды.

Булак: reporter.kg