БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп алып, алардын шайлоо дарегин мажбурлап которуу аракетине чара көрүлөт.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу жана алардын шайлоо дарегин өзгөртүү максатында паспортторун чогултуу фактылары боюнча даттануулар түшүп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясы ырастады.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп алып, алардын шайлоо дарегин мажбурлап которуу аракетине чара көрүлөт.

"Азыркы кезде жер-жерлерден жарандардын паспортторун чогултуп, "Форма2" толтурткан маалыматтар түшүп жатат. Эч бир жарандын паспортун башка бирөө алып, колдонуусуна жана чогултуп алуусуна уруксат жок. Андай учурларда аймактык шайлоо комиссиясына же укук коргоо органдарына кайрылсаңыздар болот".

Шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын кошумча тизмелерин түзүүгө тыюу салынган. Кошумча шайлоо тилкелерин ачууга андагы шайлоочулардын саны 2,5 миң адамдан ашып кетсе гана уруксат берилет деген ченем киргизилген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда. 

Булак: Азаттык