Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 271

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Караколго барды. 

Элдин добушун сатып алууга аракеттенгендер акча эмес, зулумдук, зыян таратып жатышат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 7-сентябрда Каракол шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Биз чынчыл, түз сүйлөгөн депутат болобуз. Коррупцияга аралашкан, мамлекетке каршы иш жасаган депутат болгондон көрө болбой калган жакшы. Азыр элге акча таратып жаткандар акча эмес, зулумдук, зыян таратышууда. Добуш саткан адамдын кылган ишинин кесепети өзүнө гана эмес, башкаларга да тиет. Себеби, бул саясий добуш.

Мени да катарына тарткандар көп болду. “Биздин партияга кошул, аты-жөнүңдү гана жазып кой да, барып эс ала бер. Депутат болосуң”, - дегендер болду. Бирок мага Алла Таалам күч берип аларга азгырылбадым. Мен үчүн эл-жериме ак дилден кызмат кылуу, Садыр Жапаровду абактан чыгарып алуу маанилүү. Айрым талапкерлер “Мен силердин көчөгө асфальт төшөп бергем, мечит куруп бергем, эми мени шайлагыла”, - деши мүмкүн. Биз бир айылдын, көчөнүн маселесин мамлекеттин маселесине теңебешибиз керек. Силер шайлаган депутат Кыргызстандын ар бир аймагынын маселесин билген, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн жана аны көзгө сайып көрсөтө алган адам болууга тийиш", - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү