Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 141

Буга чейин Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы доо арызын караган.

Бишкектин Административдик сотунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери чогулууда. Алар соттон акыйкат чечим кабыл алууга чакырган жазууларды кармап алышкан. Ушу тапта сот партиянын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген арызын караганы жатат.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко арыз жазган.

Буга чейин Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы доо арызын караган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт.

Булак: Элгезит