Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ананьево айылына барды. 

120 депутат Кыргызстан үчүн көптүк кылат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“120 депутат биздин өлкө үчүн көп. Бизге 75 депутат жетиштүү деп ойлойбуз. Биз буйруса, 75 депутаттан турган парламентти түзөбүз. Парламентти түзүү системасын өзгөртөбүз. Эл өкүлдөрү бир мандаттуу округдан шайланып келиши керек. Анда, депутаттар азыркыдай партияга жашынып келип шайланып калышпайт. Элине, жерине кызмат өтөгөндөрбү же коррупционер болобу, эл өкүлү болом дегендин баары алдыңарга келип сүйлөп анан депутат болушу шарт. Алыс жакта жатып алып, акчасын берип коюп, парламентке келип алмай адатты токтотушубуз керек”, - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү