Бийлик «Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериши керек

Абакта отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышпаса шайлоочулардын тандоосу жасалма түрдө чектелип калат деп эсептейт. Саясатчынын мындай пикирин камтыган билдирүү 7-сентябрда социалдык түйүндөр аркылуу тарады.

Билдирүүдө саясатчы «бийлик «Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериши керек» экенин, «бул партия 10 жылдан бери реалдуу оппозицияда болуп келе жатканын» жана «парламентке шайланууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар» экенин белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) партиянын тизмесиндеги каталарга таянганы орунсуз экенин, мындай кемчиликтер башка көптөгөн, өзгөчө бийликчил партияларда бар экенин эске салды.

Жээнбеков өз кайрылуусунда ««Бүтүн Кыргызстан» партиясын Жогорку Кеңешке шайлоого катыштырбай коюу менен «Ак үй» нааразы маанайдагы потенциалды көчөгө багыттап жатат жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна шарт түзүүдө» деген оюн билдирди.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер болгон партиялардын бири - «Социал-демократтар» партиясынын тизмесинде бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону шылтоо кылып өлкөдө кырдаалды курчуткусу келген күчтөр бар экенин айтып, аларга чара көрүлө турганын 5-сентябрда эскерткен. 

Булак: Азаттык