Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Балыкчы шаарында. 

Садыр Жапаровдой чындыкты сүйлөгөн саясатчылар Кыргызстанда саналуу гана. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 7-сентябрда  Балыкчы шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“2020-жылдын 1-январынан баштап жаңы кылмыш жаза Кодекси  кабыл алынды. Анын негизинде көптөгөн адамдар, буга чейин камалган саясатчылардын баары камактан чыкты. бир гана Садыр Жапаров чыгарылган жок. Ага жаңы Кодекс да, амнистия да колдонулбады. Эмнеге? Анткени анын эрки күчтүү. Бир аз эркин сындырып, “мейли, мен саясатка аралашпайм, чындыкты айтпайм, силерге кошулуп калп сүйлөйм”, - деп макул болгондо, эчак чыкмак. Мындай уулу менен кыргыз эли сыймыктанышы керек. Садырдын башына түшкөн оор күндү эч кимдин башына салбасын. Кыйынчылыкка майышпай, чындыктан кайтпаган мындай жигит Кыргызстанда бирөө гана”, - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү