Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 108

Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар да бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-сентябрда «Биринчи радиого» берген маегинде парламенттик шайлоого катышуу үчүн бардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлгөнүн, парламентке кайсы партия жеңип келсе да, иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Ошол эле учурда, шайлоо таза эмес өтөт деген ойду элге сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар экенин, алар элди көчөгө чыкканга үндөп жатканын айтты. Эски адат менен шайлоону шылтоо кылып тынчтыкты буза албаса да, кырдаалды чайпап жибергиси келгендерди сындады.

«Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар да бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Президент катары мен тараптан, президенттин Аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз», — дейт мамлекет башчы.

Президент жарандарды добушун сатууга эч ким мажбурлабай турганын, таза шайлоо өткөрүү милдети бир гана мамлекеттик бийликтин колунда эмес, ар бир шайлоочунун колунда экенин айтты. Ал шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн президент катары өз милдетин толук аткарып жатканын белгилеп, буга мисал катары, шайлоо мыйзамдары өз убагында оңдолуп, кемчиликтери жоюлганын айтты.

«Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Булак: маралфм