Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 179

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ак-Талаа районуна барды. 

Добуш сатууда – кайсы бир партия менен эмес, өз тагдырыбыз, келечегибиз менен соодалашып жатканыбызды түшүнүшүбүз керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 6-сентябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Сабатсыз парламент деп какшап жүрөсүздөр. Андай депутаттар кайрадан келбеш үчүн кылдат тандоо жасаш керек. Бүгүн тигил же бул партиядан алган акчаңар эртең балдарыбыздын, мамлекеттин кендирин кесе турганын билип турабыз. Улуу аалымыбыз, маркум Чубак ажы да айткан, катуу айткан, ачуу айткан, бирок кыргызга жетсин деп айткан. “Добуш сатып алган акча - арам”, - деген. Ал акчага балдарыңарга алып берген тамак-ашыңар, кийим-кечегиңер арам деген. “Мекенчил” партиясы добуш сатып албайт. Бир добуш берсеңер да таза, адал добуш беришиңерди суранабыз. Парламентке барсак, ар бириңердин чын жүрөгүңөр менен берген таза добушуңар менен барууну каалайбыз”, - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү