Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 1305

Бишкек, "Саясат. kg". Тизмеден башталган талаш сотко жетти.

 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров  менен Турсунбай Бакир уулунун ортосундагы чыр сотко чейин жетти. Партия мурдагы депутатты сотко берсе, мурдагы депутат да жооп иретинде партиянын үстүнөн  арыз жазды. Сот кандай чечим чыгараары жакынкы күндөрү белгилүү болот. Чыр талапкерлер тизмесин түзүүдөн чыкканы коомчулукка маалым. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен тизме түзүүдөгү эреже бузуулардан улам шайлоого катышуудан четтетилди. Адахан Мадумаров Турсунбай Бакир уулун “бийликтин тапшырмасын аткарып жатат” деп айыптоодо. Окуянын чоо-жайын билүүгө Турсунбай Бакир уулуна кайрылдык:

-Логика боюнча ойлонуп көрсөк, эгер мен жогорку жактын тапшырмасын аткарсам анда, Адаханга өзүм барышым керек эле, “Иним, мени тизмеңе киргизип кой, сенин айтканыңды кылам, сени менен акыр аягына чейин чогуу болом”, - деп. Эптеп алдап тизмеге кирип алыш башкы максатым болмок. Кечээ Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева баштаган бир катар саясатчылар менен бир столдо отуруп калдык. Ошол жерде Камила Талиева айтты, баары күбө: “Мадумаров ажыкени өзү чакырган. Мен анын офисине барып калсам, “Турсунбай Бакир уулуна жыйырма жолу чалдым, телефонун албады”, - дегенинен мен байланыштырып койгом”, - деп. Чынында Камила Талиева аркылуу байланышып, анан мени офисине чакырган. Орун басарым экөөбүз бардык, “Эмне кылып жатасыз?” – деп сурап калды. Мен айттым: “Партиялар менен сүйлөшүп жатам, алар тыйын-тыпыр керек деп жатышат”, - дедим. “Бизге кошулуңуз, мен акча сурабайм. Мага акча эмес, электроратыңыз керек”, - деди. Орун басарым экөөбүз сыртка чыгып акылдаштык. “Акча сурабаса кошула берели”, - деген пикирге келдик. Орун басарым Айдар Халитов: “Мен Садыр Жапаровду колдоп келгем. “Мекенчил” партиясында кала берейин. А сиз буларга кошула бериңиз”, - деп калды.

Адахан кайра байланышып, “Эрк” партиясынын курултайынын чечими керектигин айтты. Партиянын курултайын өткөрүп, чечимин колуна карматтым. Дагы бир канча убакыт өткөндөн кийин чакырды, барсам, “Алдыңкы 20 талапкердин ар биринен он миң доллар алышыбыз керек”, - деди. Суваналиев да, мен да дароо айттык: “Бизде андай акча жок”, - деп. Кайра айтты: “Мейли анда, ар бириңер 250 миң сомдон төккүлө, 5 миллион сом күрөөнү 20 талапкер төлөйлү. А калганы ар бириңердин каалооңорго жараша болот”, - деп. Буга макул болдук, тапканыбыздай партиянын шайлоо фондуна беребиз дедик.

Ошону менен “Бүтүн Кыргызстандын” курултайы болуп, лидер алдыңкы 20 талапкердин тизмесин окуду. Сөз сүйлөдүк, Исхак Масалиевден кийин мага сөз беришти. Анын видеосу да бар, азыр мени курултайга конок катары баргандай айтып жатышпайбы. Мен талапкер катары катышканыма далил турат. 18-тизмеге жазылыптырмын. Башкаларга караганда артка коюшуптур, ага таарынбадым. “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дейт эмеспи, бул жерде Адахан казанчы болуп жаткандан кийин өзү билет деп койдум. Ошону менен тизме курултайда бекитилди, делегаттар колдошту. Шайлоо кодексинин 6-беренесинин 7-пунктуна ылайык, курултайда бекитилген тизме БШКга кетиши керек эле. Бирок ошол эле түнү тизмени өзгөртүп башташканы тууралуу кабар уктум. Адаханга жаздым, “Бул эмне кылганыңар, олигархтарды, коррупционерлерди катарыбызга кошпойбуз дебедиңер беле, эми элге кантип чыгабыз?” – деп. Ал офиске келип-кетүүмдү айтты. Мен барганда кабинетинде Темир Сариев, Курсан Асанов, Мурат Малабаев, Өмүрбек Суваналиев бар экен. Асанов менен Сариев тизмени жайып алып оңдоп отурушуптур. Асанов айтып калды: “Ажыке, капа болбоңуз, туура түшүнүңүз, сизди артка, 22-орунга  жылдырдык. Акча бергендерди алдыга койбосок болбойт экен”, - деп. Карасам алдыда бүт эле олигархтар жүрөт. Мурадыл Мадеминов, Абдыманап Кутушев, Самат Ибраев,  Сариев өзү, дагы бир мен тааныбаган депутат жүрөт. Кыскасы, бүт “чимкириктер” алдыда. “Канчадан берип жатышат?” – деп сурадым. 200 миң доллар дешти. Адахан да сөзгө кошулуп калды: “Туке, булар акча гана беришпестен, башка иштерди да моюнуна алып жатышат. Мисалы, Мадеминов Кадам-Жайды алып жатат, ал жактагы штаб ачуу, агитацияларды төлөө чыгымдарын өзү көтөрөт. Ошондуктан алдыга жазууга аргасыз болдук”, - деп. “Мени артка жылдырбасаңар эле “Бүтүн Кыргызстан” өтпөй калат беле? Андай болсо тээ эң артына жазып кое бергиле. Силер эркектик сөзүңөрдү күтө албадыңар, а мен күтөм, иштеп берем”, - деп чыгып баратсам, Курсан Асанов: “Сиз менин агайымсыз, жакшы орунга коебуз, кабатыр болбой туруңуз”, - деп калды.

Ошону менен эки күн күттүм. Кабар болбоду. Суваналиевге чалып Адахан мыйзамды бузса, курултайдын тизмесинен башка тизмени БШКга тапшырса, тийиштүү тарапка арыздана турганымды эскерттим. Тизменин кандай болгонун 25-августта гана өздүк каналдарым аркылуу билдим, мен жок экенмин. Анан соцтармактарга маалымат жыйынын берээримди жаздым. Дагы да күттүм, кабарлашышабы деп. Эч кандай аракет болбогондон кийин 28-августта маалымат жыйынын берип, андан соң БШКга арыз жолдодум. Эми болсо “бийликтин тапшырмасын аткарып жатат” деп жатышат. Күнөөнү Адахан өзүнөн издесин, текебер неме өзүнүн күнөөсүн эч эле сезбейт экен. Ар дайым башка бирөөгө шылтап, жабырлануучуга айланып басып жүрөт. “Бийлик кысымга алып жатат”, - дейт. Мен бийликминби? Беш жылдан бери жумушсузмун. А БШК курултайдын видеосунан толтура эреже бузуу таап чыкты, тизмесинде да эреже бузуу болгонун тактады. Анан партияны шайлоого каттоодон баш тартышты. Так ушул тизмедеги чаржайыттык үчүн Адахандын жанында он жылдан бери жүргөндөр да таарынып, тизмеден да, партиядан да чыгып кетишти. Шайлоо тууралуу мыйзамды бузган өзү, маалымат жыйындарында калп айткан өзү, жаңы тизме түзгөн өзү. Кечирим сурап, айыбын сезиштин ордуна кайра башка бирөөгө атырылганын токтотпой койду.