Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ат-Башы районуна барды.

Конституцияда бекитилген мамлекеттик башкаруу жоопкерчиликсиз органдарды пайда кылды. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ат-Башы районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

Ал белгилегендей, Конституцияны алмаштырып, мамлекеттик башкарууну бир жактуу кылуу зарыл.

“2020-жылга чейин Конституция өзгөртүлбөйт деп бекитилген. 2020-жыл да келди. Он жыл аралыгында 2010-жылы кабыл алган, учурда иштеп жаткан Конституция туура эместиги далилденди. Бири парламенттин, бири өкмөттүн, бири президенттин оозун караган жоопкерчиликсиз органдар пайда болду. Ошондуктан, Баш мыйзамды өзгөртүүгө барып, бир жактуу башкарууну киргизүү керек. Бир гана мамлекет деген орган болушу шарт. Ал орган жарандардын жашоо-турмушун жакшыртып, өлкөнү өнүктүрүүнү гана жолго койбостон, коррупционерлерди, мамлекеттин байлыгын талап-жегендерди бүгүнкүдөй тайраңдатпай, жоопкерчиликке тартууну да колго алуусу зарыл. Коррупцияга баткан адамдар токтобойт, алар өмүр бою тоношот, көздөрү топуракка толмойун, көкүрөктөрү тойбойт. Эмнеге элим-жерим, акыйкаттык  деген адамдар түрмөдө отуруп, а мамлекетти тоногондор бийликте жүрүшү керек?” – деди Камчыбек Ташиев.