Бишкек, "Саясат. kg". К. Ташиев: Муну мамлекеттин эң биринчи приоритети катары кабыл алышыбыз зарыл.

“Мекенчил” партиясы чек ара маселесин чечүүнү өкмөттүн алдына негизги приоритет катары коёт. Бул тууралуу саясий партиянын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-сентябрдагы Нарын эли менен жолугушуу учурунда билдирди. 

“Барган сайын жер тилкелеринин баасы кымбаттап барат. Мындан улам, биз  чек араны негизги маселелеринин бири катары көтөрүшүбүз керек. Мамлекетибиздин кайсы жери болбосун, бир метр жерди, керек болсо, бир ташын да башкаларга бербегендей болушубуз шарт. Муну мамлекеттин эң биринчи приоритети катары кабыл алышыбыз зарыл.  Ошондой эле, Коргоо министрлигин кайрадан түзүшүбүз керек, ден-соолугу таза балдарды армияга милдеттүү жөнөтүшүбүз шарт. Мындан тышкары мамлекеттик кызматка кирип, ант берген ар бир жогорку кызматкердин балдарын сөзсүз түрдө армияда кызмат өтөөсүнө милдеттендиришибиз керек. Булар кимдер? Алар соттор, депутаттар, министрлер, президент, премьер-министрлер. Өкмөт башчынын баласы жөнөкөй жарандардын балдарындай аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөсүн. Мыйзам менен аларды ушуга мажбурлашыбыз керек. Кээ бир атка минерлер бала чакасынын кызмат өтөп жүргөнүн айтышат, бирок, алардын балдары үйлөрүндө эле жаткан болушат. Бул эч кимге жашыруун эмес”,- деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү