Бишкек, "Саясат. kg". Ташиев шайлоочуларды добуш берүүгө олуттуу кароого жана акчага сатылбоого чакырды.

Шайлоодо добуш берүү - ар бир жарандын мамлекеттин жана балдарынын келечеги үчүн жасаган тандоосу. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-сентябрда Кочкор районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

Ал шайлоочуларды добуш берүүгө олуттуу кароого жана акчага сатылбоого чакырды.

“Биз шайлоону беш жылда бир келчү, мамлекеттин багытын тандоочу мүмкүнчүлүгүбүз катары карашыбыз керек. Ал мүмкүнчүлүктү туура пайдаландыкпы же туура эмес кадам таштап алдыкпы – кийинки беш жыл далилдейт. Ар бир шайлоочу менин бир гана добушум бар, ал балдарымдын келечеги деген ойду бекем карманып, терең ойлонуу менен тандоо жасашы керек. Баарыбыз таза шайлоо үчүн аракет жасашыбыз зарыл”, - деди Ташиев.

Ошондой эле, лидер “Мекенчил” партиясы акчага добуш сатып алууга каршы экенин белгиледи.

“Биздин катарыбызда коррупционерлер, мамлекеттин байлыгына кол салып байыгандар, эл-журтка зыянын тийгизгендер жок. Биз талапкерлерибизден акча жыйнап, элдин добушун сатып алалы деген ойдон алыспыз ”, - деди.

Айтымында,  “Мекенчил” партиясынын талапкерлер тизмесинин 16-катарында Кочкор районунда төрөлүп-өскөн Гүлсүнкан Жунушалиева шайлоого баратат. Ал жогорку окуу жайын Россиядан аяктаган жана Кыргызстандын билимдүү жаштарынын бири.

“Гүлсүнкан Жунушалиева өз күчү менен илим кандидаты болгон. Учурда Медициналык академияда иштейт. Он бир бир туугандын арасында өскөн көп балалуу үйдүн кызы. Ата-энеси сиздер сыяктуу карапайым адамдар. Эмнеге бул кызды тандап алдым? Анткени, карапайым калктын арасынан чыгып, жашоодогу ийгиликтерине өз күчү менен жеткен, билим алууну башкы орунга койгон инсан мамлекетке зыянын тийгизбейт. Эмнеге жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан билимдүү жаштардын ордуна коррупцияга баткан, мамлекетти талап-тоногон адамдарды алып келишибиз керек?” – деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү