Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 230

Бишкек, "Саясат. kg".  Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-сентябрда Кемин районундагы Кызыл-Суу айылынын эли менен жолугушту.

Кыргызстан сот реформасына муктаж. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-сентябрда Кемин районундагы Кызыл-Суу айылынын эли менен жолугушууда билдирди. 
 

Ал белгилегендей, учурда сот бийликке көз каранды, мыйзам эмес, жогору жактан келген буйрук менен өкүм чыгарууга аргасыз. Мындай көрүнүштү жоюу үчүн жергиликтүү, райондук жана шаардык сотторду эл өзү шайлай тургандай кылуу керек. Бул – “Мекенчил” партиясынын программасында каралган. 

“Ал эми Жогорку сотту Жогорку Кеңештин эл шайлаган депутаттары дайындоосу зарыл. Сот президентке баш ийбеши керек. Анын карманганы бир гана мыйзам болушу кажет”, - деди Камчыбек Ташиев. 
 
Ошондой эле лидер программанын негизги өзөктөрүнүн бири – электр энергиясындагы чоң уурулукту токтотуу экенин белгиледи. 

“Электр энергиясын өндүрүүдөгү, сатуудагы жана колдонуудагы чоң уурулукту токтотуу керек. Бүгүнкү күндө электр энергиясын 2 сом 16 тыйындан алып жатабыз. Анын Токтогул ГЭСиндеги өндүрүлгөн баасы 10 тыйын. 10 тыйын! Өткөргүчтөр менен ташып келгендеги чыгашалары биригип дагы он тыйынга жетет. Салыкты кошсок дагы он тыйын. 20 тыйынды мамлекеттин пайдасына түшө тургандай кылса, жалпы баасы 50 тыйынга жетет. Кайдагы 2 сом 16 тыйын?! Ким жеп жатат?! Электр энергиясындагы отчеттордо 30-35 пайызы “жоготуу” деп турат. Анын баары аткаминерлердин чөнтөгүнө түшөт”, - деген Камчыбек Ташиев бул тармактагы терс көрүнүштөрдүн тамырын кыркмайынча мамлекеттин өнүгүшү тууралуу ойлонбой эле коюу керектигин белгиледи. 

“Же нак өндүрүлгөн бааны төлөйлү же биз берген 2 сом 16 тыйындын баары мамлекеттин казынасына түшө тургандай кылалы. Электр энергиясындагы чоң мафия, коррупция тыйылмайын айыл чарба өнүкпөйт, экономика алдыга жылбайт, пенсия, жөлөкпулдар көбөйбөйт”, - деди лидер. 

Сөз соңунда Камчыбек Ташиев Кыргызстандын келечеги кең болооруна ишеним артаарын билдирди. Бул үчүн ал белгилегендей, мамлекетти коррупционерлердин колуна тапшырбоо керек. Өлкөнүн тагдыры – ар бир жарандын тагдыры. Андыктан ар бир жаран добушун акчага сатпай, келечек үчүн өзү тандоо жасашы зарыл.

«Мекенчил» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгырым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын уруксаты менен жайгаштырылды. Партиянын шайлоо фондунан каржыланды