Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 124

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган.

Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын №12 аймактык башкармалыгынын башчысы Темир Касымов шайлоо алдында административдик басым кылган деп аныктады.

Касымовдун үстүнөн "Реформа" саясий партиясы ал өзү жетекчилик кылган аймакта "Биримдик" саясий партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн деп айыптап, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган. БШК "Реформанын" дооматын прокуратурага жолдогон.

Прокуратура иликтөөдө чогулган материалдарды Жоруктар кодексинин 87-беренеси ("Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу") боюнча бирдиктүү реестрге каттады. Учурда иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-октябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер кылып каттады.

4-сентябрдан тарта шайлоого талапкер партиялар үгүт иштерин баштады.

Булак: Азаттык