Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 119

Бүгүн, 4-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялар меморандумга кол коюшту.

Иш-чарага БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова, 13 партиянын жетекчилери, шайлоо комиссияларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер катышты.

Шайлоого катышуу укугун 15 партия алган. Бирок меморандумга кол коюуга «Ата Мекен» жана «Реформа» партияларынын өкүлдөрү катышкан жок.

«Меморандум – саясий партиялардын "мырзалардын келишими" деп аталган жүрүм-турум кодекси катары кызмат аткарат», - деди Шайлдабекова.

Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилованын айтымында, саясий партиялардын меморандумга кол коюусу, демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына ылайык өтүшүнүн кепилдиги болуп саналат.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын так сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жана башка талаптарды сактоого, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулук жана өз ара урматтоо менен жүргүзүүгө милдеттеништи.

Документке кол коюу менен тараптар саясий оппоненттери менен болгон талаш-тартыштарды мыйзам чегинде чечүүгө, шайлоодо этикалык жана адеп-ахлакт ченемдерин сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген үгүт иштерин жүргүзүүгө даяр экендигин тастыкташты.

Бүгүн, 4-сентябрда үгүт өнөктүгү башталды. Ал 3-октябрда аяктайт.

Шайлоого аттанган 15 партия:

«Ата Мекен»

«Бир Бол»

«Биримдик»

«Замандаш»

«Кыргызстан»

«Мекен Ынтымагы»

«Мекеним Кыргызстан»

«Мекенчил»

«Ордо»

«Афган согушунун ардагерлери жана башка аскердик жаңжалдардын катышуучуларынын саясий партиясы»

«Республика»

«Реформа»

«Социал-демократтар»

«Чоң казат»

«Ыйман нуру»

Булак: Баракелде