Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 114

Сурамжылоо 6-15-августта уюлдук телефон аркылуу маек түрүндө алынган.

Кыргызстандыктардын басымдуу кɵпчүлүгү Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партияларга каршы добуш бермекчи. Бул тууралуу SIAR Research and Consulting компаниясы Center for Insights in Survey Research эл аралык институтунун буйрутмасы менен жасалган социалдык иликтөөдɵн билинди.

Сурамжылоо 6-15-августта уюлдук телефон аркылуу маек түрүндө алынган. Ага 18 жаштагы жана андан өйдө курактагы кыргызстандыктар катышты. Сурамжылоонун 63 пайызы кыргызча, 35 пайызы орусча, 2 пайызы өзбек тилинде жүргүп, ага 1 миң 223 адам катышты.

«Жакынкы жекшемби күнү щайлоо боло турган болсо, добушуңузду кимге берет элеңиз?» деген суроого 27 пайызы кимди шайлаарын аныктай элегин айтты, 15 пайызы баарына каршы добуш бермек, ал эми 10 пайызы такыр эле шайлоого бармак эмесмин деди.

Сурамжылоого катышкандардын жети пайызы добушун шайлоого катышпаган «Ата-Журт» партиясына бермек. Алты пайызы «Республикага» добуш салмак.

«Биримдик», КСДП (бул дагы шайлоого катышпайт) жана «Ата Мекенге» ɵз добушун респонденттердин 5 пайызы бермек.

Булак: 24.kg