Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 131

Ал мындай аракетин азыркы партияларга ишенбестигин жана келечекке кедергисин тийгизгиси келбегендиги менен түшүндүргөн.

Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев парламенттик шайлоодо бюллетендеги “баарына каршы” графасын тандай турганын инстаграм баракчасына жазды.

Ал мындай аракетин азыркы партияларга ишенбестигин жана келечекке кедергисин тийгизгиси келбегендиги менен түшүндүргөн.

“Бүгүн эми 1 ай бою гүлдөтөбүз кыйратабыз, биз менен гана силердин келечек түптөлөт деген кесмелер ариясы айтылып, калп токуучу комбинаттар дүрүлдөп ишке кирди. Эгер жалдырап дагы деле алардын оозун карап башыбызды ийкей берсек анда иштин бүткөнү, шорго малынганыбыз болоор, ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги баарына каршы деген жерин тандадым, келечекке кедергим тийбесин.

Шайлоо шайлоо шардана шайлоо болоор
Шапар тепкен, ооз мурунду майлоо болоор
Сунушталган долбоорлорун угуп турсаң
Суусамырдай уч кыйырсыз жайлоо болоор
Бүгүн туура чечим кылып ойлонбосок
Бүктөп кайрып колу бутуң байлоо болоор”,
– деп ыр менен жыйынтыктаган билдирүүсүн. 

Булак: reporter.kg