Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды.

Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоодон четтетилишин «саясий чечим» деп сыпаттап, сотко кайрыларын айтты:

«Колубузду кууштуруп отуруп калбайбыз, укуктук талаада күрөшүүгө даярбыз».

Кечээ, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого каттабай койду. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок танаписте ал тымызын өзгөртүлгөнүн айтты.

Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топ ал документти көрсөтө албады.

Булак: Элгезит