Бүгүн, 4-сентябрдан тарта Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери расмий башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы 15 партиянын талапкерлерин каттоодон өткөргөн.

Ал эми 2 партия — «Бүтүн Кыргызстан» жана «Актив» катталган жок. Бүгүн партиялар арасында чүчү кулак өткөрүлүп, алардын бюллетендеги орду аныкталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Республика боюнча 2464 шайлоо тилкеси, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкеси түзүлдү.

Булак: Баракелде