Жумушчу топтун сунушун 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жалпы жыйында карап баштады.

Турсунбай Бакир уулунун арызын караган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу сунуш киргизди.

Жумушчу топтун сунушун 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жалпы жыйында карап баштады. Ага «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана партияга каршы арызданган Турсунбай Бакир уулу да катышып жатат.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанганын айткан Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирүүдө. Ал партиянын эң жогорку органы болгон жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген деген негиз менен партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү эч кандай эреже бузулбаганын айтып, конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүкчөсүндө тизмени өзгөртүү шарттары каралганын жүйө келтиришүүдө.

Эске салсак, саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган.

Булак: Элгезит