Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 332

Бишкек, “Саясат.kg”. “Мекенчил” саясий партиясынын басма сөз борборунун билдирүүсү.

Урматтуу мекендештер!

Акыркы кезде соцтармактарда К.Ташиевдин, С.Жапаровдун кайрылуулары, “Мекенчилдин” үгүтү катары мүнөздөлгөн айрым материалдар таркатылып жатат. Мунун баары атайын уюштурулган, биздин партияны күн мурунтан жарыштан чыгарып салууну көздөгөн чагым. “Мекенчилдин” штабы эч кандай кайрылууларды, материалдарды таркаткан эмес.

Азыркы таркап аткан материалдын баары долбоор түрүндө иштелип жатат, акыркы вариант эмес. Болгону айрым провокаторлор ошонун баарын компьютерлерден, башка жумуш болуп жаткан жерлерден, атүгүл почталарыбызды бузуп кирип уурдап, чагымчылдык маанайда таркатып атканы дайын болуп калды.

Эмне дейбиз, биз башынан эле “Мекенчилди” чаап түшүү максаты бар экенин билгенбиз. Анын үстүнө, мекенчилдер өлкөдө көп, реалдуу күчкө айлана баштады. Суранабыз, чагымга алдырбаңыздар! Ал чыгып жаткан материалдардын бирин да “Мекенчилдин” штабы таркаткан эмес! Расмий үгүт иштери 4-сентябрда баштала тургандыгын эскерте кетебиз!

Нургазы Анаркулов,

“Мекенчил” саясий партиясынын басма сөз борборунун жетекчиси

Тема: