БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо коронавирус пандемиясы шартында өтө тургандыгына байланыштуу эпидемияга каршы санитардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан келген 50дөн ашык эл аралык байкоочу көз салат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиев менен жолугушкан. Анда Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө КМШ парламенттер аралык ассамблеянын эл аралык байкоо жүргүзүүсүнүн маселелери талкууланды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо коронавирус пандемиясы шартында өтө тургандыгына байланыштуу эпидемияга каршы санитардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Ал эми Нурбек Сатвалдиев учурда КМШ парламенттер аралык ассамблеянын өлкөлөрүнөн эл аралык байкоочулардын тобу түзүлүп жатканы, ага КМШ парламенттер аралык ассамблеянын мамлекет-катышуучуларында демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана шайлоо укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү эл аралык институтунун эксперттери дагы кирери тууралуу билдирди.

“КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттары болуп саналган эл аралык байкоочулар өлкөнүн региондоруна барышат, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын иши менен таанышат, саясий партиялардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Ошондой эле КМШ парламенттер аралык ассамблеянын байкоочулары Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы Кыргыз өлкөсүнүн чет өлкөлөрдөгү участоктук шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо КМШ парламенттер аралык ассамблеясынан 32 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзгөн.

Булак: govori.tv