Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 121

Ишти карап жаткан Чолпон Досмамбетова сот Боршайкомду партияны каттоого алууну милдеттендирүү боюнча укугу жок экенин эскертип, бул талапты канааттандырган жок.

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын карап чыгып, сот партиянын арызында жазган бир талабын да канааттандырган жок.

Аталган партиянын өкүлү Александр Мощин БШК партиянын документин артка кайтарып беришин туура эмес деп эсептеп, БШКнын чечимин жокко чыгарууну жана аталган партияны каттоого милдеттендирүүнү суранды.

Ишти карап жаткан Чолпон Досмамбетова сот Боршайкомду партияны каттоого алууну милдеттендирүү боюнча укугу жок экенин эскертип, бул талапты канааттандырган жок. Учурда БШКнын 25-августтагы чечимин жокко чыгаруу боюнча талап каралып жатат.

Сотко катышып жаткан БШКнын өкүлү Кубат Үмөталиев партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ордуна башка адамды дайындоо боюнча эки башка ишеним кат берилгенин билдирди. Анын айтымында, «Кыргызстандын» өкүлдөрү бүгүн сотко башка ишеним кат, ал эми 25-августта БШКнын мүчөлөрүнө башка ишеним кат берген. БШК өкүлү судьядан бул жагдайды эске алууну суранды.

Сотко «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү Канатбек Исаев, Талант Мамытов катышууда. Талант Мамытов БШКнын каттоо дептеринде башка партиялардын документ тапшырган жазуулары оңдолгонун, 17:58-17:59 берилгенин алар да айтып чыкты.

Булак: Элгезит