Бишкек шаарынын мурунку мэри эмне үчүн дал ушул саясий бирикмеге кирүүнү чечкенин айтып берди

Күчтүү партиялар жана инсандар ар дайым коомчулуктун сынына кабылып келишет. Экс-депутат, Бишкек шаарынын мурунку мэри Иса Өмүркулов Vesti.kg сайтына берген маегинде анын "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого баруу чечимин комментарийлеп  билдирди.

Анын айтымында, "Мекеним Кыргызстан" командасы салмактуу, ал эми программасы социалдык багытты камтыйт. Ошол эле учурда мурунку эл депутаты редакциянын : канча убакыт мурун  саясий бирикмеге кирүүнү,ким сунуш кылгандыгы тууралуу суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.

- Мени партияга ким чакыргандыгы жана канча убакыт мурун экендиги кандай мааниси бар? - деди Иса Шейшенкулович ачууланып. - Сиз татаал суроолорду берип жатасыз. Шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен барууну чечтим. Бул салмактуу команда, алардын кызыктуу программасы бар. Ал мага руханий жактан жакын.

Мындан тышкары, Өмүркулов "Мекеним Кыргызстан" партиясы күчтүү партия, ошондуктан аны коомчулук сынга алып жатат деп ишендирди. Ошол эле учурда саясатчы аталган партия Бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып жаткан имиштер боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

- Партиянын лидери, талапкерлери бар жана аны айрым инсандарга чейин кыскартуу туура эмес, - деп баса белгиледи ал. - Курамы толугу менен сынга алынып келет. Бүгүнкү күндө сындалбаган адамдар жок. Күчтүү партиялар ар дайым сынга алынат жана өз ишин аткарып жатканда муну менен тил табышуу керек.

Эске салсак, 26-августта "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров журналисттерге Бишкектин мурунку мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов шайлоого өз партияларынан катышуу ниетин билдирген.

Буга чейин Өмүркулов шайлоо жарышына катышууга даяр экендигин жарыялаган, бирок партияны көрсөткөн эмес.

Источник: vesti.kg