Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 121

Парламенттик шайлоого катышуудан дагы бир саясий партия четтетилет.

Бул тууралуу “Медиа центр” маалымат агенттигине БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков билдирди. 

Анын айтымында, учурда «Актив» саясий партиясын четтетүү маселеси каралууда. Анткени партия БШКга каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерди өткөргөн, бирок мөөнөткө чейин (24-август) 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес. 

Мындан тышкары, БШКнын маалыматы боюнча шайлоо күрөөсүн төлөгөнү боюнча «Мекен Ынтымагы» партиясынын маалым каты жок. 

Ал эми саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн, тиешелүү документтер БШКга жакынкы аралыкта берилерин билдиришкен. Бул маселелер БШКнын бүгүнкү отурумунда талкууланмакчы.

Булак: media-center.kg