Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 120

Исаев сот БШКнын чечимин жокко чыгарарына ишенерин, партия шайлоого сөзсүз катышарын айтты.

«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берди.

Аталган партиянын лидери Канатбек Исаев шайлоо штабындагы кызматкерлерге кайрылып, жумушту уланта берүүгө буйрук берди. Анын кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Исаев сот БШКнын чечимин жокко чыгарарына ишенерин, партия шайлоого сөзсүз катышарын айтты.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок «Кыргызстан» партиясы шарттарды бузган деген негиз менен анын документтери 25-августта артка кайтарылган.

Булак: Элгезит