Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 141

Иса Өмүркулов өзү шайлоого баратканын тастыктап бирок, кайсы партиядан экенин айткан жок.

Парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барат. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров “Азаттыкка” маалымдады.

“Иса Өмүркулов биздин партия менен бараткан талапкерлердин арасында бар. Тизмеде канчанчы экенин Борбордук шайлоо комиссиясында бардык документ текшерилгенден кийин белгилүү болот”, - деди Бакиров.

Иса Өмүркулов өзү шайлоого баратканын тастыктап бирок, кайсы партиядан экенин айткан жок. “Азаттыктын” булагы Өмүркулов тизмеде алдыңкы отуздун ичинде экенин кабарлады.

14-августта Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Иса Өмүркулов КСДПнын лидеринин милдетин аткаруучу Анвар Артыковго партиядан чыгуу тууралуу арыз бергени белгилүү болгон.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен партиядан 2018-жылы эле чыгарылганын айткан.

Иса Өмүркулов – 2016-жылдан бери парламенттеги башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясынын жетекчиси. Ал Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышында депутат болгон.

2017-2018-жылдарга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын саясатчылардын бири болгон. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин эки саясатчынын мамилеси бузулган. 

Булак: Азаттык