Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 133

Аталган саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясын каттоодо мыйзам бузулду деп эсептеп, тийиштүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууну суранууда.

«Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Чоң Казат», «Реформа» саясий партиялары «Кыргызстан» партиясын каттоого байланышкан чыр боюнча президент Сооронбай Жээнбековго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаевге жана акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылуу жолдошту.

Аталган саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясын каттоодо мыйзам бузулду деп эсептеп, тийиштүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууну суранууда.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-августта, саат 18.00гө чейин партиялар 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү менен талапкерлердин тизмесин тапшырышы керек эле. Буга байланыштуу «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган. БШК бул маселе жумушчу топтун жыйынында талкууланарын билдирген.

Булак: govori.tv