Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 117

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин саясий партиялардын көрсөтүүлөрү соңуна чыкты.

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Мурда кабарлангандай, парламенттик шайлоого катыша турган ниетин 44 партия билдиришкен.

Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктап калган убакта өз сьезддерин өткөрүп, анда талапкерлеринин тизмесин 23 партия бекитти. Ал эми 10 партия парламенттик шайлоонун мындан аркы иштерине катышпай тургандыгын БШКга оозеки билдиришкен. Тогуз партия болсо мындан аркы шайлоого катышпай тургандыгын БШКга расмий кабарлашты. Бир партия болсо мындан аркы шайлоо кампаниясына катыша тургандыгы же катышпай тургандыгы боюнча кабар берген жок. 

11 саясий партия БШКга сьезд өткөрө тургандыктары боюнча расмий кабар айтышып, Боршайкомдун өкүлдөрү аларга катышты. БШК өкүлдөрү катышкан сьезддерде талапкерлердин тизмесин бекитүүдөгү жашыруун добуш берүү же кандайдыр бир башка процедуралар бузулгандыгы катталган жок. Партиялар жалпысынан сьезддерди өткөрүүдө Республикалык штабдын жарандардын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча сунуштарды сакташты.

Эми партиялар 24-августтун саат 18:00нө чейин БШКга документтердин пакетин тапшыруулары зарыл. 

Булак: media-center.kg