Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 129

Жогорку Кеңешке шайлоого катышуучу партияларга Боршайком койгон талап боюнча, бүгүн съезд өткөрүүгө акыркы мүмкүнчүлүк болду.

Ага ылайык, шайлоого катышуу ниети бар партиялардын бардыгы курултайын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитти. Азырынча кээ бир партиялар гана тизмесин ачык жарыялап жатышат.

«Замандаш» партиясынын алдыңкы ондугу:

1. Жеңиш Молдокматов

2. Мелис Турганбаев

3. Чынара Шейшекеева

4. Умбеталы Кадыралиев

5. Нурлан Абдыкалыков

6. Айсулуу Мамашева

7. Мавлян Амракунов

8. Имамидин Ташов

9. Элмурза Сатыбалдиев

10 Улукбек Ормонов

«Замандаш» саясий партиясы 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого катышып, 44 миңге жакын добуш менен атаандаштарына жеңилип, мандат ала алган эмес. Партияга жакында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева жана жеке ишкер, «KG Group» курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов кошулган.

Буга чейин «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Республика» партиялары да тизмесин жарыялаган.

Булак: Маралфм