Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 109

Ырчылар шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен барышат, анын курамына Матраимов, Бакиров, Маматалиев жана башкалар кирет.

Кыргыз ырчылары Бек Борбиев жана Урмат Үсөнов парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышат. Бул, партиянын курултайынан кийин белгилүү болду.
Иш-чарага конок катары чакырылган саясат таануучу Бакыт Бакетаев Vesti.kg менен курултай тууралуу өз оюн бөлүштү.

- Менин чет өлкөлүк шайлоо жарыштарына катышкандыгым менен салыштыра турган нерсем бар, - деди Бакетаев. - Курултай гольф клубунда өттү. Уюштуруучулар иш-чарага абдан чыгармачыл мамиле кылышты. Казакстандан алып келген кымбат шаймандар бар болчу.
Саясат таануучунун айтымында, талапкерлердин арасында мурдагы депутаттар: Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров жана Марлен Маматалиев бар.

- Журналист Элнура Алканова да шайлоого ушул партиядан чыгат, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, аталган чакырылыштагы саясий бирикменин талапкерлеринин катарына акыркы чакырылыштын депутаты Искендер Матраимов да кирген.

Булак: vesti.kg