Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 200

44 саясий партия шайлоого катыша турганын билдирди.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссия 7-августка карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүүсү жана чыгашалар жөнүндө маалымат жарыялады.

БШКнын маалыматы боюнча, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

44 саясий партия шайлоого катыша турганын билдирди. 12 саясий партиянын шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилди.

«Кыргызстан жашылдар партиясы»: 200 сом түштү, чыгаша жок.

«Мекенчил»: 11 миң 500 сом түштү, 20 сом коротулду.

«ОРДО»: 200 миң сом түштү, 195 миң 835 сом коротулду.

«Биримдик»: 200 миң сом түштү, 80 миң 25 сом коротулду

«Реформа»: 348 миң 520 сом түштү.

«Чон казат»: 375 миң сом түштү.

«Республика»: 800 миң сом түштү, 120 миң 400 сом коротулду.

«Социал-Демократтар»: 1 млн 703 миң 510 сом түштү, 1 млн 544 миң 8 сом коротулду.

«Ата Мекен»: 1 млн 999 миң 900 сом түштү.

«Мекеним Кыргызстан»: 3 млн 35 миң сом түштү, 2 млн 718 миң 405 сом коротулду.

«Бир Бол»: 9 млн 676 миң сом түштү, 5 млн 269 миң 140 сом коротулду.

«Кыргызстан»: 10 млн сом түштү.

Булак: Баракелде