Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 790

Шайлоо-2020

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону 4-октябрга белгилөө боюнча Жарлыкка 3-июлда кол койду. Мыйзам боюнча шайлоого катышуучу саясий партиялар депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин шайлоо белгиленген күндөн тартып 45 күн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек. Андан тышкары жарышка чыгууну каалагандар өздөрүнүн мындай ниетин арыз аркылуу кабарлашы керек.

Күздө болчу чоң жарышка аттангандардын катары бул жылы да калың болоору аз күндүн ичинде жыйырмадан ашуун партиянын арыз жазганынан билинди. Учурда 21 партиянын (акыркы маалыматтар боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 35тен ашты – sayasat.kg) : “Ата Мекен”, “Мекенчил”, “Бирик”, “Ордо”, “Мекен ынтымагы”, “Бийлик элге”, “Чоң казат”, Кыргызстан коммунисттер партиясы, “Эл биримдиги”, Афганистандагы согуштун ардагерлеринин саясий партиясы, “Актив”, Кыргызстан жумушчулар партиясы, “Республика”, Кыргызстандын агрардык партиясы, “Бир бол” мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин саясий партиясы, “Демократ”, “Улуу журт”, Кыргызстан жашылдар партиясы, Эмгек партиясы, “Социал-демократтар” партиясы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызы БШКга келип түштү. Жарданган топтор мөөрөй кимдин колуна тиерин, өздөрүнүн эл ичиндеги кадыр-баркы канчалык деңгээлде экенин билип-билишпесе да аттанышууда. Канчасы орто жолдон мүдүрүлөт, канчасы саналуу күндөрдөн кийин жарышка чыгуудан баш тартышат, бул да белгисиз. Азырынча мына ушул партиялар парламентке барууга дилгирлигин билдиришти.

Аталган партиялардын арасында мурда-кийин шайлоого катышпаган, аты биринчи жолу белгилүү болуп жаткандар да бар.  Алардын ар бирине көз жүгүртүп, буга чейинки кылган иштерин жана жетекчилеринин кимдигин талдап көргөндө төмөнкүдөй картина пайда болду. Белгилей кетсек, парламенттик башкарууда жашаган жылдарыбыз бул башкаруу аталышы гана болбосо, килейген партиянын кайсы багытты тандаары жалгыз лидеринен көз каранды болооруна көзүбүздү жеткирди. Андыктан тизмедеги көп сандаган фамилияларга көз салуунун деле кажети жок, башчысынын кимдиги жетиштүү.

“Мекенди” туу туткандар жана тутпагандар

Мекен деген ыйык сөздү аталышына кошкон партиялардын баары ага татыктуубу? Өмүрбек Текебаев башында турган “Ата Мекен” партиясынын тарыхы чоң. Нечен жылдардан бери кыргыз саясатында барандуу орун ээлеп, өлкөнүн ар кандай саясий окуяларына катышып келгени белгилүү. Бирок акыркы жылдары бул партиянын калк арасындагы кадыр-баркы ылдыйлап баштаганын коомчулуктун пикиринен улам билүүгө болот. Текебаевдин абакта отурушу эл арасында анчалык толкундоону жараткан жок. Анын чыгышы, акталыш-акталбашы өзүнө караштуу азганак топторду гана түйшөлдүрбөсө массалык колдоолор байкалбады. Башкасын айтпаганда акыркы беш жылдагы парламенттеги жасаган иштери, толгон-токой интрига жана өз кызыкчылыгына ойноосу – ага ишенген элдин демин суутту окшойт. “Жаңы дем” деп айрым жаш лидерлерди, андан тышкары Темир Сариев сыяктуу саясатчыларды катарына кошуп, аламан жарышка аттанды, мындан кандай жыйынтык чыгат, көрөбүз да!

“Жыгылган күрөшкө тойбойт” - бул макал “Мекен ынтымагына” ылайык келчүдөй. Темирбек Асанбеков жетектеген партия 2010-жылдагы парламенттик шайлоого катышып, жетиштүү добушка ээ боло алган эмес. 2015-жылдагы шайлоого да бир билек түрүнүп көрдү. Асанбеков орус саясатын таратуучулардын бири катары таанымал. 2015-жылдагы шайлоого баруусуна орус тарап каржылык колдоо көрсөткөн деп да айтылып жүрөт. Эки жыл катары менен парламенттин босогосун көрүү буйрубай калган партия үчүнчү жолу да эмнегедир ат салышып көрүүнү чечиптир.

“Мекенчил” партиясы учурда абакта жаткан Садыр Жапаровго таандык. Бул сапар саясатчы Камчыбек Ташиев өзүнүн “Ата Журт” партиясын эмес, досунун партиясын баштап парламентке барууну туура тапканы айтылууда. Бул эки саясатчы саясий чөйрөдөгү бирден бир мекенчил инсандар экени эч кимге жашыруун эмес. “Мекенчил” деген аталыш аларга бап келип, жуурулушуп калгандай. Садыр Жапаров “Кумтөр” мафиясынын курмандыгы болсо, Камчыбек Ташиев эл дегенде ичкен ашын жерге койгон, кызматы бары-жогуна карабай мекенинин өнүгүүсү, алдыга жылуусу үчүн колунан келген аракетин жасап келет. Бул эки саясатчынын биригиши коомчулукта жылуу пикирлерди жаратты.

“Ымыркайлардын” да укугу бар

“Бийлик элге” партиясы өткөн жылдын декабрь айынын аяк ченинде каттоодон өткөн. Лидери - Калдан Эрназаров. Буга чейин бул ысымды “Таза Кыргызстан” партиясынын катарынан угуп келгенбиз. Лидер деп көнүмүш адатка салдык, а Эрназаровдун айтканына караганда, “Бийлик элге” аты айтып тургандай партиянын бийлигин да бир адамдын колуна чогултуп бербейт экен. Чокусунда турган адам лидер эмес, саясий кеңештин төрагасы деп аталат да, ал саясий кеңештин мүчөлөрүнүн тандоосу менен дайындалат. Андан сырткары партия толугу менен элге тийиштүү, катардагы жарандар да анын позициясын аныктап, башка нукка бура алат. Бул эми шайлоого чейинки айтылгандар, бардык партия “шайлоого чейин жана кийин” деп бөлүнөөрүнө жеке тажрыйбабыздан ынанбадыкпы.

“Бирик”  партиясын биринчи жолу 2018-жылы укканбыз. Лидери катары 2015-жылдагы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде 41-орунду ээлеп барган жеке ишкер, 40 жаштагы Кылычбек Исамамбетов экени айтылган. Катарында каныккан саясатчылар жок, баары маданий, адабий, ишкерчилик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү. Жыбыраган партиялардан өзгөчөлөнүү, бир гана жүзү жана максаты бар сандаган саясатчылардан жадаган элге жакшы көрүнүүнүн ушул жолун тандап алышкансыды – элге бир топ жакын катардагы карапайым маданият, адабият өкүлдөрүнүн баштарын кууштуруу болду.

“Биз баарын өзгөртөбүз!” – 2019-жылдын апрель айында катталган “Ордо” партиясынын урааны ушул. Эмнени өзгөртүшөт, жакшы жагынабы, же жаман жагынабы - такташкан жок. Балким “баары” дегендин ичинде коомчулуктун өзгөрүшүн каалабаган жагдайлары да бардыр - эске алышпады. Кыскасы,  биригишти, партия түзүштү, ысым беришти - эми өзгөртүшөт! Лидери катары Мирбек Мияров аттуу белгисиз инсан жазылган. Жаңы катталган маалда тизмеде 11 адам болгон, алардын эч бири саясатчы, же аты таанылгандар эмес. Бир жылдын ичинде парламенттик шайлоого барууга даяр болуп калгандарына караганда бул убакыт аралыгында өзгөртүүнү өздөрүнөн баштап, катарын башкалардан “качып” келгендер менен кеңейткендир.

“Чоң казаттан” чоң жарышка

Ашканадан башталган чоң казат чоң жарышка айланчудай болуп калды. Лидерлери катары Максат Мамытканов жана Сыймык Жапакеев айтылып жүрөт (экөө тең өткөнүндө күч органынын өкүлдөрү). Бир беткей жаңылыктардан жадаган коомчулукту чууга салып чыга келишти. Алар Робин Гуддун образында чыгышты, мамлекеттик кызматтарда жүрүп олигархка айлангандарды тизмелеп, мамлекеттен уурдалган байлыктарды элге кайтаруу маселесин кабыргасынан коюшту. Албетте, мындай демилге элге жагат. Колдогондор көп болду. Бирок өзүнчө отуруп столду чапкылап айтуу бир башка, ошону иш жүзүнө ашыруу, болгондо да парламенттин сыйкырчы атмосферасына барып алып убадаларын аткаруу такыр башка нерсе экени анык. Бардык эле катуу кыйкырган демилге башталган жол парламентке келип такалаары белгилүү болду.

Калган “Бүтүн Кыргызстан”, “Бир Бол”,  Кыргызстан жашылдар партиясы, Кыргызстан коммунисттер партиясы ж.б. саясий топтор кандай экени белгилүү. Айрымдары ар бир шайлоодо бир күч сынашып алуудан “ырахат” алса, кээ бирлери парламентке барып, бирок аткарган бир да көзгө көрүнөөр иши жок артка кайткандар. Ал турмак шайлоо алдында берген убадаларын тез эле унутуп коюшкан. Андан ары беш жылды бири бири үчүн кнопка басууга, мыйзам долбоорлорун тоок фермасында жумуртка санап жаткандай эле шакылдатып өткөрүүгө коротушту. Капчыгына же калың элге иштешкени белгисиз бойдон калгандар парламентте унутуп кеткени бар баштанып кайрадан стартка турушууда. 

Бүгүнкү күндө шайлоо алдындагы көрүнүш ушундай, алдыда өзгөрүү болоор...

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №21 (456), 08.07.2020-ж.