Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясынын Билдирүүсү

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын эли өткөн 29 жылда оош-кыйыш заманда жашап, көп сыноолорду башынан өткөрдү. Башкысы - тилибизди, жерибизди, эгемендүүлүктү сактап келе жатабыз. Албетте, көйгөйлөр да жетиштүү. Алардын эң оору - жумушсуздук. Биз, СССР заманындагы өнөр жай тармагынын төрттөн үчүн жоготуп алдык. Бир миллионго чукул жарандарыбыз чет өлкөлөрдө иштөөгө мажбур болушту.

Эгемен Кыргызстанда, бактыга жараша, 1994-жылдан тарта айыл реформасы жүргүзүлүп, союздун ири дотациясында иштеп келген колхоз, совхоздордун ордуна он миңдеген дыйкан чарбалар жаралды. Айыл эли жер, мал-мүлк, техниканын ээси болуп, эркин чарба жүргүзүү жолуна түштү. Эгемен өлкөнү дал ошол жаңы дыйкандар багып, сактап келишүүдө.

Тилекке каршы, айыл реформасынын 1994-98-жылдары активдүү жүргүзүлгөн биринчи этабынан соң кийинки этаптары мамлекеттин көз жаздымында келе жатат. Жаңы, өкмөттөн бир сом дотация албаган, кыргыздын эркин дыйкандарынын жашап-иштөөсүнө зарыл, мыкты шарттар соңку 20 жыл аралыгында түзүлбөдү. Алардын өндүргөн продукциясын натыйжалуу сатуу, кайра иштетүү, экспорттоо маселелери чечилбестен көйгөй бойдон калууда.

 

Урматтуу мекендештер! Биз, аграрчылар, учурда президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында “айыл реформасын кайра жандандырууга жол ачылды”- деп эсептейбиз. Мындай мүмкүнчүлүктү натыйжалуу колдонуу максатында “Айыл реформасы – II” аталыштагы мамлекеттик ири долбоорду иштеп чыгуу жана аны турмушка ашыруу зарыл.

Ал долбоорду ким даярдай алат? Аны иштеп чыгууга учурдагы убактылуу техникалык өкмөт жөндөмсүз. Демек, ал долбоор күздөгү парламенттик шайлоодон соң курала турган өкмөттүн иши. Бирок, андай ишти жасоо ал жаңы өкмөттүн колунан келеби? Келет, эгерде күзүндө кыргыз эли күчтүү парламентке ээ боло алса! Бул тагдыр чечүүчү суроолорго жооп издеп, биз, аграрчылар, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттардын ишмерлигине талдоо жүргүзүп, төмөнкү жыйынтыкты чыгардык.

Биринчи. Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары мамлекеттик башкаруу системасынын таш-талканын чыгарышты. Алгач “парламенттик башкаруудабыз, гүлдөп-өсөбүз”- деп элди ынандырып жүрүшкөн эл өкүлдөрү эми, беш жыл соңунда гана “биздеги мамлекеттик башкаруу системасы таптакыр жараксыз экен, күздөгү шайлоо менен кошо референдум өткөрүп, же парламенттик, же президенттик формасын аныктайбыз”,- деп элдин башын айлантышууда. Натыйжада, соңку беш жылда бардык тармактарда, жер-жерлерде тартипсиздик, жоопкерсиздик, башаламандык үстөмдүк кылып келүүдө.

Экинчи. Коррупциянын деңгээли болуп көрбөгөндөй өстү. Эгер мурда коррупция мамлекеттин “денесиндеги” жара болуп келсе, соңку беш жылда ал “дене” толук коррупциялык массага айланды. Өзгөчө Кытай өлкөсүнөн алынган насыялардын жемкорлордун чөнтөгүнө кетиши кыргыз элине оор сокку болду. Эксперттердин баасында, үч долбоордон: “Бишкек жылуулук электр борборун” (ЖЭБ) жаңылоо, “Датка-Кемин” электр чубалгысын жана “Балыкчы-Жалал-Абад” экинчи жолун куруудан болжолу 800 миллион долларды аткаминерлер жеп алышкан. Бирок, Бишкек ЖЭБи боюнча гана кылмыш иши козголуп, айрым аткаруучулар соттолду. Ал эми чыныгы жоопкер - Жогорку Кеңеш суудан кургак чыкты.

Үчүнчү. Учурдагы парламенттин башкаруусунда Кыргызстандын ондогон, жүздөгөн кен байлыктары текейден арзан баада чет өлкөлүк компаниялардын колуна өттү. Депутаттардын кен байлыктарды берүүсүнүн кылмыштуу туу чокусу - бул “Жерүй” алтын кени. Запасы 5 миллиард долларга бааланган бул кен болгону 100 миллион долларга сатылды.

Төртүнчү. Соңку беш жылда экономика артка кетти. Эксперттердин эсебинде, өлкөгө 5-7 миллиард доллар чегинде зыян келтирилди. Өлкөнүн карызы беш жылда эки миллиард долларга көбөйүп, жалпы 4,5 миллиард доллардан ашты. Кыргызстан мурда электр энергиясынын экспортёру болуп келсе, соңку беш жылда туруктуу импортер абалына өттү. Азык-түлүк коопсуздугу да коркунучка кептелди. Соңку беш жылда буудай өндүрүү оор мезгил деп эсептелген 2000-жылдарга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге азайды. Эгер 2000-жылдары өлкөдө продукциянын экспорт-импортунун катышы теңелсе, соңку беш жылда продукциянын импорту экспортко салыштырмалуу үч жарым эсе көбөйдү. Бул факты - өлкөнүн дефолт абалына келгенин далилдеп турат.

Бешинчи. Жогорку Кеңеш беш жыл бою соттук-укуктук реформа жасап келди. Бирок, анын “реформасы” сот органдарына жаңы имараттарды куруу жана соттордун айлыктарын көбөйтүү менен гана чектелди. Эң башкысы - сот системасында адилеттүүлүк артка кетти. Эгер мурда элдин сотторго ишеними 50-60 пайызды түзүп келсе, соңку беш жылда, депутаттар өздөрү моюндагандай, элдин 90 пайызы сотторго ишенбей калды.

Алтынчы. Өлкөнүн бүтүндүгү коркунучка кабылды. Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек ара маселелерин чечүүдө алсыздыгын, коркоктугун көрсөттү. Талаш жерлерде жаңжалдар күчөп, жергиликтүү калк ур-токмокко кабылып, үйлөрү өрттөнгөнүнө карабастан депутаттар басып да барышпады. Учурда абал оор бойдон калууда.

Жетинчи. Азыркы парламенттин тушунда саясий куугунтук күчөдү. Бирок, депутаттар XXI кылымдагы ал зомбулукка эч көңүл бурушпады. Академиктер, элге эмгек сиңирген кызматкерлер, коомчулуктун миңдеген өкүлдөрүнүн кайрылууларын оң чечмек түгүл, карап да коюшпады.

Сегизинчи. Жогорку Кеңештин депутаттары рейдерликти, катардагы жарандардын маңдай тер төгүп тапкан бизнестерин баскынчылык менен тартып алууну көндүм адатка айлантканы боюнча көптөгөн фактылар ачыкка чыкты. Ошондой эле, депутаттар өздөрү ырастагандай, мамлекеттик мафия тамырын терең жайды жана контрабанда абдан гүлдөдү.

Тогузунчу. Жогорку Кеңеш кыргыз мигранттарын колдоо боюнча бир да таасирдүү мыйзам жазып, алгылыктуу аракеттерди жасай алган жок. Өзгөчө быйыл карантин учурунда, мигранттар ар кайсы өлкөлөрдө суукка тоңуп, ачка, каражатсыз калганда депутаттар кайдыгерлигин, таш боорлугун көрсөтүштү.

Онунчу. Жогорку Кеңештин азыркы курамы билимсиздиги, түркөйлүгү жана жалкоолугу менен шерменде болушту. Депутаттардын “эжелеп” окуганы, оюн тактап айта албаганы, түшүнүктөрдү, жер-суу аттарын чаташтырганы кыргыз элинин бетине көө жапты. Жыйын учурунда 120 депутаттын он-он беши гана катышып, алар чуркап кнопкаларды басышып, өлкөнүн тагдырына таасир этчү чечим, мыйзамдарды кабыл алуусу кадыресе көрүнүш болуп калды.

Он биринчи. Парламенттик башкаруунун шайлоо системасы саясий коррупциянын зор уюгуна айланды. Учурдагы депутаттардын дээрлик токсон пайызы акчанын күчү менен гана партиялык тизмеге киргизилгени, ал тизмени өлкөнүн 2011-17-жылдардагы кожоюну, “шоопур” жеке өзү түзгөнү коомчулукка белгилүү болду. Бул фактыны депутаттар өздөрү да тастыктап, тизмедеги орундардын баасы түмөндөгөн доллар тураарын айтып келишет. Партиянын кожоюндары айрым депутаттарды парламенттен эрте кууп чыгып, алардын ордуна башкаларын алып келип, Жогорку Кеңешти циркке айлантышты. Быйылкы жылы коомчулук жок дегенде шайлоону преференциалдык, ачык тизме боюнча өткөрүүнү суранып келген. Тилекке каршы, анда саясий коррупциялык схема таптакыр бузулуп, өздөрүнүн кеминде 95 пайызы шайланып келбесине көздөрү жеткен депутаттар, шайлоо тартибин өзгөртүүсүз калтырышты. Учурда партия кожоюндары күздөгү шайлоого утурлай, партиялык тизменин кунун бычып, талапкерлер арасында аукцион өткөрүп, жашыл акчалардын кумарына батышууда.

Он экинчи. Беш жыл мурда, шайлоо алдында, азыркы депутаттар элге убадаларды мөндүрдөй жаадырышкан. Айрымдарын эске салалы. Алар: “элдин кирешесин эки эсеге көбөйтөбүз”, “жүздөгөн өнөр жай ишканаларын, тигүү цехтерин, күнөсканаларды курабыз”, “дыйкандарга жүздөгөн техника алып беребиз”, “бюджеттин көлөмүн үч эсеге көбөйтүп, айлык акы, пенсия, жөлөкпулдардын көлөмүн орус, казактардыкы менен теңдейбиз”, “мигранттарды кайра кайтарып, ар бир жарандын өз бизнеси болушун камсыздайбыз”, “энергетика, жол, суу ири долбоорлорун ишке ашырабыз”, “ар бир ымыркай үчүн элүү миң сом сүйүнчү, студенттерге эки миң сом стипендия бердиртебиз” жана башка миң түркүн убадаларды беришкен. Ошолордун бирөөсү аткарылдыбы? Эл өзү калыс баасын берсин!

Урматтуу мекендештер! Жогорку Кеңештин учурдагы курамы бир да жолу кыргыз элине өз ишмерлиги боюнча таасын отчет бербеди. Бирок, кыргыз эли депутаттарга баасын эбак берген. Бул курам кыргыз өлкөсүнүн тарыхында эң чабал, билимсиз, дараметсиз, коррупцияны гүлдөткөн парламент катары калды. Учурдагы Жогорку Кеңештин беш жылдык башкаруусунда бир ууч бажы барондор, алкомагнаттар, базаркомдор, сутенёрлор, коррупционерлер, депутаттар эбегейсиз байышып, ал эми өлкө алсызданып, карапайым калктын үчтөн экиси жакырчылыктын сазына батты. Эгерде биз жараксыз “чалмакей” мамлекеттик башкаруу системасында эмес, укуктук, жоопкерчиликтүү өлкөдө жашаганыбызда, анда азыркы депутаттарга кытай насыяларынын пайдаланышы, кен байлыктардын ит бекер сатылышы, жаратылыштын жүрөк ооруткан бузулушу, “Дача-Су” трагедиясынын жаап-жашырылышы ж.б. көптөгөн кыргыз элине кастык аракеттери боюнча кылмыш иштери козголуп, алар толук курамы менен сот жообуна тартылышмак!

Урматтуу депутаттар! Биз, аграрчылар, сиздерге кайрылабыз. Сиздердин кыргыз элинин жана тарых алдында кайрадан депутат болуп шайланып келүүгө моралдык да, саясий да укугуңар жок! Жоопкерчиликти олуттуу кабылдап, андай сокур чечимден баш тартыңыздар! Ар-намыс жана өзүңөргө урмат-сый болсо, анда жолду башка жаңы адамдарга, таза, кесипкөй, мекенчил улуу-кичүү инсандарга бошотуп бергиле! Сиздер катышпай шайланган жаңы Жогорку Кеңеш гана күчтүү өкмөт түзө алат жана ал өкмөт биздин, аграрчылардын, көптөн бери күткөн ой-максатын, “Айыл реформасы – II” мамлекеттик долбоорду турмушка ашыра алат!

Урматтуу мекендештер! Биз баарыбыз Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары терең ойлонуп, кыргыз элин сыйлап, “күзүндөгү парламенттик шайлоого катышышпайт!”- деп ишенич арталы, үмүт кылалы. Бирок, учурдагы депутаттардын бирөөсү эле моюн толгоп, “ыйман, абийир сотуңарга түкүрдүм!”- деп күзүндөгү шайлоого катыша турган болсо, анда биз, аграрчылар, ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз! Ошондой эле, шайлоо өткөн күндүн эртеси, 5-октябрдан баштап Бишкекте жана бардык облустардын борборлорунда мөөнөтсүз ири митингдерди баштайбыз! Бул биздин кеңири талкууланган жана артка кайткыс чечимибиз! 

Аткаруу комитетинин мүчөлөрү:

Эсенкул Алиев, Болоткан Кумаров, Бекболот Талгарбеков, Сапарали Аскаров, Кубанычбек Данышманов, Жумабек Жаилов, Калил Жумабаев, Тамара Жумашева, Зарылбек Итибаев, Качкынбай Кадыркулов, Эркин Калыбеков, Кубанычбек Кулов, Асанбек Мырзабеков, Акылбек Ракаев, Бердибек Самудинов, Жумадил Турдубеков, Шамил Усубалиев, Ариф Халилов.