Бул тууралуу БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдаримов билдирди. Анын айтымында шайлоого 1,5 млн шайлоочу катышты жана баардыгы биометрикалык каттоонун негизинде добуш беришти.

Төрага билдиргендей добуш берүүгө эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар, партиялар катышып күбө болду. Андыктан шайлоонун жыйынтыгына ишенбей коюуга эч негиз жок, дейт Туйгунаалы Абдраимов. Анын айтымында кыдырып "карусель" кылып добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Кайталап добуш берүүгө аракет кылгандар монитордон чыгып калып жатты, дейт төрага. 

 

 

Булак: Маралфм