Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп, ага 14 партия ат салышты. Добуш берүү эртең менен саат 8де башталып, кечки саат 20:00дө жыйынтыкталды. Кыргызстан боюнча жалпы 2 миң 374 шайлоо участоктору иштеди.

Парламенттик шайлоого чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын да жарандары өз добушун беришти. Алар үчүн жалпы 36 шайлоо чөлкөмү иштеди.

Бул жолку шайлоодо добуш берүү укугун 2 млн. 751 миң 414 жаран алган.

Биометрикалык маалыматын тапшырбагандар бул жолку шайлоого катышкан жок. Ошол эле учурда биометрикалык маалыматын тапшырып, бирок добуш бере албай калгандар да болду.

Жаңы технологиянын негизинде өткөн парламенттик шайлоону бүтүндөй дүйнө коомчулугу көз салып, байкап турду.

 

 

Булак: Маралфм