Печать
Категория: Шайлоо 2015

Шайлоо саат 20:00дө жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Бул туурасында Кыргыз Респуликасынын өкмөт башчысы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, шайлоо биометрикалык каттоонун негизинде таза, ачык өткөн.

Сариев өз сөзүндө бул шайлоо "бир шайлоочу-бир добуш" ирээтинде өткөнүн, сырттан келген байкоочулар да мыкты деген баасын бергенин айтты.

Бийлик бул кадамдарды басып өтүү менен өзүнүн эрдигин көрсөтө алды. Биометрикалык каттоодон өткөн, участокко барып арыз жазып катталган, ошондой эле өзүн тизмеден текшерген жарандар добуш берүүдө кыйынчылык туулбаганын кошумчалады. Өкмөт башчы бул кадамдар менен шайлоо маданиятынын өскөндүгүн баса белгилеп төмөнкүлөргө токтолду:

"Шайлоого чейинки үгүттөө иштеринде да партиялар үчүн бирдей шарттар түзүлдү. Бул тууралуу партиялар өздөрү да айтышкан."

 

 

Булак: Маралфм