Бүгүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байышбек Жуманазаров Казакстан Республикасынын Түштүк-Казахстан облусунан келген байкоочулар менен жолугушту.

Бул туурасында облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Түштүк-Казакстан облусунун акимчилигинин уюштуруу – инспектордук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Абзал Аликулов жетектеген байкоочулар тобу бүгүн облустун бардык райондорунун, Талас шаарынын шайлоо участокторун кыдырышып, шайлоочулар менен жолугушуп, шайлоонун жүрүшү менен жакындан таанышып чыгышты. Жыйынтыгында Казакстандан келген өкүлдөр шайлоолордун таза жана белгиленген тартипте өтүп жаткандыгына күбө болушту.
Талас облусунун жетекчиси Б. Жуманазаров облуста 116 шайлоо участокторунда быйылкы шайлоолор жаңы технологияларды колдонуу менен өтүп жаткандыгы тууралуу кеңири айтып берди. Өз кезегинде Казакстан Республикасынан келген байкоочулардын жетекчиси Абзал Аликулов шайлоолордун таза жана тартиптүү өтүп жаткандыгын өз көзүбүз менен көрүп ишендик деп айтты. Анын билдирүүсүндө шайлоо участокторунда жаңы технологиялар үзгүлтүксүз иштеп, шайлоочулар да бул шайлоонун жаңы ыкмасын тез жана жакшы өздөштүрүп, эл шайлоого активдүү катышып жатышкандыгын баса белгилеп кетти.
 

 

Булак: "Кабар" агенттиги