Печать
Категория: Шайлоо 2015

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Рысбек Нурдинов билдирди. Ош шаарында саат 17:00гө карай 53 077 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 40 пайызын түзөт.

Байкоочулар шаардагы айрым участоктордо катышуу мындан да солгун экенин белгилешүүдө. Маселен, №5558, №5319 шайлоо тилкелеринде добуш бергендер жалпы тизменин 30% араң жетти. Добуш берүүгө келгендер Ош калаасында негизинен кошумча ачылган жети участокто көп болууда.

Ош шаарында жалпысынан 133 388 шайлоочу бар, 80 шайлоо участогу иштеп жатат.

 

 

Булак: Азаттык