Борбордук шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жүрүшүн маалымдап туруучу компьютердик системасынын иши үзгүлтүккө учурады.

Бүгүн эртең менен БШКнын сайтында атайын баракча ачылып, ал улам жаңыланып турары, алгачкы маалымат 10до чыгып, кийинкилери ар 4 саат сайын толукталып турары айтылган болчу. Бирок азыр саат 15:00 болуп калды, ал баракча али жаңылана элек.

БШКдан азыр кабарлашкандай, система оңдолду, маалымат бир аздан кийин жайгаштырыла баштайт. Кечке чейин кайсы жакта канча адам добуш бергени тууралуу кабарланат, андан кийин кайсы партия канча добуш алганы жайгаштырыла баштамай болууда.

 

Булак: Азаттык