Баткенде 61 шайлоочу биометрикалык маалымат тапшырып, бирок тизмеден өзүн тапкан эмес. Ушундай эле көрүнүш “Ар-Намыс” партиясынан депутаттыкка талапкер Өмүрбек Абдырахмановдо да болгон. Ал добуш берүү үчүн участокко барып, тизмеден өзүн тапкан эмес.
Анын аты-жөнү Нарын шаарындагы шайлоо участкаларынын бирине катталып калганы аныкталды. Мындан улам добуш бере алган эмес.
Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул жолку шайлоо мурункулардан айырмаланып, биометрикалык маалыматтын негизинде, заманбап техника аркылуу жүрүүдө. Мындай ыкма Борбор Азияда биринчи ирет колдонулууда.
Булак: Маралфм