Печать
Категория: Шайлоо 2015

Баткен облусунун жашоочулары парламенттик шайлоого активдүү катышууда. Саат 12:00 алынган маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 54 339 шайлоочу добуш берип, бул шайлоочулардын 24,3% түздү. Бул тууралуу аталган облустун басма сөз кызматынан билдирди.

Тактап айтканда, Баткен шаарында 2 900, Баткен районунда 8 460, Кадамжайда 18 283, Кызы-Кыяда 4 800, Лейлекте 16 717 жана Сүлүктү шаарында 3 179 адам добушун берген.

 

 

Булак: Маралфм