Печать
Категория: Шайлоо 2015

Атуулдук милдетин аткарып Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №4067 шайлоо участогунда добушун берди. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облусу боюнча 165 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат. 332 аппаратта 641 оператор иш алып барууда. Мындан сырткары, район борборлорунда жана шаарда техникалык жактан колдоо көрсөтүп туруу үчүн 6 мобилдик топ уюштурулган.
233 ички иштер кызматкери, 495 элдик кошуундун мүчөсү, 42 автоунаа коомдук тартипти сактоо кызматында.
Энергиянын берилишин үзгүлтүккө учурабашы үчүн ар бир шайлоо участогунда электрик дайындалып, кошумча бирден генератор даярдалган. Жалпы шайлоочулардын саны 150 миң 137.

 

 

Булак: Маралфм