Кечээ, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарынын шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо болуп өттү. Бул күнү соцтармактарда адаттагыдай ар кайсы шайлоо участокторунда добуш сатып алуу фактылары катталып жатканы тууралуу маалымат утур-утуру менен жарыяланып турду. Айрымдарын видео далилдер коштоду.
Буга чейин шаардык кеңешке шайлоо 11-апрелде болгон. Бирок добуш сатып алуу көрүнүштөрүнүн көптүгүнөн улам шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Анткен менен кайрадан 11-июлга белгиленген шайлоону дагы мыйзамсыз аракеттер коштоду.
УКМК бүгүн билдирүү таратып, "Эмгек" партиясы тарабынан добуштарды сатып алуу фактысы аныкталганын жарыялады. Таза шайлоого умтулган өлкөнүн ар бир шайлоосу добуш сатып алуу көрүнүшүнөн арылбаса кандай кылуу керек? Кайрадан жыйынтыкты жокко чыгаруу менен адилеттүүлүккө жетише алабызбы?
"Ак Калпак" саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев бул сапар да шайлоо мурункулар түптөгөн жол менен кеткенин белгиледи.
"Бул жолу да шайлоо таза өткөн жок. Адаттагыдай эле добуш сатып алуу жана сатуу көрүнүштөрү кайталанды. Шайлоочулар да абдан аз келишти. Келгендердин көбү добушун акчага айырбаштады. Муну коомчулук Интернет аркылуу көрүп турду. Эми шайлоонун жыйынтыгы кандай болот? Тааныйбызбы же жокпу деген суроо жаралууда. Бирок кеп жыйынтыкты тааныганда же тааныбай койгондо эмес, кеп - биздин эл качан таза шайлоо өткөргөнгө даяр болот? Таза шайлоо болмойунча мамлекетте стабилдүүлүк орун албайт, экономикалык жылыш байкалбайт, инвестиция тартуу ойдогудай жүрбөйт. Муну эл жакшы түшүнүшү керек. Тандообузду соодага айланткандан баш тарткыча, өнүгүү тууралуу ойлонбой эле коюшубуз керек", - деди Маматаев.
Кайрадан шайлоо өткөрүү кошумча чыгым экени талашсыз. Ансыз да пандемиядан жүдөп турган экономика дагы бир жолу шайлоо өткөрүүнү көтөрө алабы? Же чыгымдан коркпой, кайсы бир анекдотто "ырдаганды үйрөнгүчө ырдай бер" деп айтылгандай, таза шайлоо өткөрүүгө көнүккүчө кайра-кайра мыйзамсыздык коштогон шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгара беришибиз керекпи?
Улукбек Маматаев шайлоо маселеси сыдыргыга салгандай түз болушун кааласак, жыйынтыкты жокко чыгаруудан кайтпаш керек деп эсептейт.
"Эгер бул бийлик өздөрү айткандай таза иштейбиз, Кыргызстанды өнүктүрөбүз десе, шайлоо маселесине эч кандай тыртык калтырбашы керек. Мыйзамсыздык орун алганы аныкталган болсо, бир эмес бир нече ирет шайлоо жыйынтыгы жокко чыгаруу кажет. Бирок бул сапар да жокко чыгара алабызбы, суроо ушунда. Чыгарбай коюнунун да шылтоолору көп болот..." - деди Улукбек Маматаев.