Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 339

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сырттан келип, маалымат жыйынын өткөргөндө мамлекет башчысына жана башка чоң кызматтарда тургандарга жалаа жаап, мазактагандарга, эл арасына жалган маалыматтарды таркатып, радикалдык аракеттерге, өңкөрүш-төңкөрүштөргө чакыргандарга карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтты. Бирок, анын айткандарын айрымдар социалдык тармактарда сөз эркиндигине, демократияга каршы басым-кысым, оппозициядагыларды Ормон опуза менен коркутуп-үркүтүү катары көрсөтүп жатышканына күбө болуп атабыз.  Биз алардан сурагыбыз келет: УКМКнын башчысы демократияны жана сөз эркиндигин чектөө жөнүндө бир нерсе айттыбы? Жок. Ал тышкы, ички потенциалдуу коркунучтар жөнүндө айтып келип, жалган маалыматтарды таркатып, элди экстремисттик аракеттерге, андан да жаманы төңкөрүшкө чакырып жаткандар  эртели-кеч мыйзам чегинде жооп беришерин гана эскертти. Анда эмнеге  айрымдар Камчыбек Ташиевди сөз эркиндигине, демократияга каршы адамдай  көрсөтүп жатышат?

Жалган жалаа, мазактоо, негизсиз ушактарды таркатуу,  элди  экстремизмге, өңкөрүш-төңкөрүштөргө чакыруу  сыяктуу көрүнүштөрдүн сөз эркиндигине, демократияга эч кандай тиешеси жок. Бир адамдын демократиясы, эркиндиги эч качан башкалардын эркиндиктерине, демократиялык укуктарына доо кетирбеши керек. Эгерде бирөө-жарым азыр сөз эркиндиги, демократия жөнүндө жер сабап жаткандардын  бирин мазактап, жалааларды, ушактарды таркатса, ал ошонун эртеси эле ок тийген аюудай айкырып чыгып, прокуратура, сотту көздөй жүгүрмөк. Анда эмне үчүн башкалар анын мазактап, жалаа жапкандарына, деструктивдүү чакырыктарына көңүл бурбашы керек?

Тилекке каршы, бизде айрымдар демократия, сөз эркиндиги дегендерди “мен гана оюма эмне келсе, ошону айта беришим керек, ага каршылар сөз эркиндигине, демократияга каршы” деп түшүнүшөт. Демократия, сөз эркиндиги, бул - эгерде курулай жалаа-мазактоолор болсо, айтылгандар, жазылгандар үчүн  жооп берүү да болуп саналат. Бийликтегилердин саясый, чарбалык, экономикалык  ж.б. иштерин сындашсын, сунуштарын айтышсын, бирок аларды баскынчы, бандит деп мазактаганга эч кимдин укугу жок.

К.Ташиев айткандарды УКМКны жетектегендер мурда ачык айтышчу эмес, бирок тымызындан мониторинг жүргүзүп, эсепке алып турушчу. Чындыгында элди төңкөрүшкө чакырып жаткандарды тактап, иликтебесе, анда андай атайын кызматтын кимге кереги бар? Ал - алардын милдети, жеген наны. Биз мында УКМКнын жетекчисинин сөздөрүн бурмалап, ага апыртмаларды кошумчалабастан адекваттуу кабыл алып, адекваттуу гана реакция жасоо керек деген гана ойду айткыбыз келет. Айтылган нерсени туура кабыл алып, андан туура жыйынтык чыгарууга үйрөнсөк болор эле...