Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 141

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин социалдык тармактардагы жалган маалыматтарды таратып, саясий, мамлекеттик түзүлүшкө шек келтиргендерге карата чаралар көрүлөт деп айтканы коомдун бир бөлүгүнө жага берген жок. Бирок УКМКнын бир милдети өлкөнүн тышкы гана эмес, ички коопсуздугун да камсыз кылуу. Тилекке каршы, Кыргызстанда акыркы жылдары интернет айдыңдарында кыргыз, кыргыз өлкөсү үчүн душмандардан, чыккынчылардан айырмасы жок аккаунттар, блогерлер пайда болду. Жазгандарын окуп отурсаң, элди бийликке тукурган, бийликти элге тукурган, бөлүнү-жарылуучулук, трайбалисттик, экстремисттик маанайдагы маалыматтарга толгон. Жоопкерчилик дегенди уруп ойнобой калышты. Мыйзамдар катуу иштеген өлкөлөрдө ага окшогондорду алып барып камап салышмак. Ар бир нерсенин чеги болот. Чектен өтүп кеткенде жазылган жана жазылбаган мыйзамдар аркылуу чаралар көрүлүшү керек. А бизде чектен чыгып кеткендерине көп болду. Ташиев мына ошолорго чаралар көрүлөт деди.

Туура, чаралар көрүлүшү керек!  Фейк аккаунттардын иштерин токтотуу аракеттерине каршы чыккандар да ошолор. Бул жерде бийликке конструктивдүү сын айтып, чындыкты жазып, тараткандар жөнүндө сөз жок. Койнуна котур ташын каткандар, ичтен чыккан ийри жыландар тууралуу сөз болуп атат. Ташиевдин айткандарын бурмалаганыңарды, элдин, коомчулуктун башын айландырганды токтоткула!